Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Улан Примов: Бүтпөгөн объекттерди аягына чыгаруу максатына жеткен жок

    Жогорку Кеңештин  бюджет жана финансы боюнча комитетинин 10-марттагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Бюджет жана финансы боюнча Комитетинин 2016-жылдын 30 –майындагы Ош областынын Алай районуна жана 2016-жылдын 26-декабрындагы Ош областынын Араван районуна болгон көчмө жыйындарынын чечимдеринин аткарылышы жөнүндө маалымат угулду.

    Жыйында СДПКчы депутат Улан Примов өкмөт жаңы объект, имараттарды куруу эмес, башталгандарын аягына чыгаруу боюнча максаттарды ишке ашыра албаганын  билдирди. «Бүгүн биз 2016-жылдын 30-майындагы көчмө жыйында кабыл алган чечимдин аткарылуусун карап жатабыз. Бир жыл өттү, силер бүтпөгөн объекттерге басым жасап жатканыңыздарды айттыңыздар. Бирок бул максаттар ишке ашырылган жок», - деди эл өкүлү.

    Депутат ошондой эле депутаттардын жөнөткөн каттарына жооп болбой, министрлик менен ведомстволордун ортосунда «футбол тобундай» болуп жатканын айтты. «Урматтуу Адылбек Алешович, сиздин биздин каттарга берген жоопторуңузга көңүл бургум келет. Сиз ар кандай объекттерге Курулуш агенттиги жооп берерин белгилеп жатасыз, ал эми насосторго - Суу чарба Департаменти, жолдорго – транспорт министрлиги жооптуу экенин билдирипсиз. Андан кийин бул министрлик менен ведомстволорго кайрылганда, алар каржы министрлигинен жооп болгондон кийин жооп беришерин билдиришет. Мындай кырдаалда кимиңиздерге ишенүү  керек?», - деди депутат У. Примов.

    Каржы министри А. Касымалиев  Курулуш агенттиги капиталдык курулуштар боюнча объекттердин тизмесин берерин, а каржы министрлиги ага акча булагын табуу аракетин көрөрүн билдирди.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

 

Фотогалерея