Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Учак кырсыгынан жабыркагандарга чогултулган акчалай жардамдар тапшырылды

    Бүгүн, 10-мартта Бишкектеги кафелердин биринде «Элим барсыңбы?» кайрымдуулук фонду аркылуу чогултулган акча каражаты  Дача-Суу айылына кулаган учактын кесепетинен жабыркагандарга тапшырылды.

    Иш-чарага Жогорку Кеңештин СДПКчы депутаттары Абдывахап Нурбаев, Улан Примов жана Жанар Акаев да катышты.

    Кайрымдуулук фонддун директору Хабиб Арзыкулов учактын кулоосунан жабыркагандарга акча чогултууга  өлкөбүздүн бардык кырсыкка кайдыгер эмес жарандары, ошондой эле чет өлкөдөгү мекендештерибиз да катышканын айтты. Акча чогултуу 2 жумага созулуп, бул убакыт аралыгында 2 млн. сом чогултулган. Орусиядагы мекендештерден  380 миң, АКШдан  468 миң, Жапониядагы мекендештерден 27 миң, Түркияда жашап, иштеп жатышкан кыргызстандыктардан  4 830 сом чогултулса, Кыргызстандагы жарандар 1 млн. 119 миң сом акча каражатын  чогултушкан. Бул каржы  жабыркаган 35 жаранга тең  бөлүнүп,  ар бирине 57 миң сомдон берилди.

    «Бул акча кырсыктан жабыркагандардын  көп көйгөйлөрүн чечпесе да, элибиздин аз да болсо жардамы болду. Кырсыктан курман болгондорго Жараткан бейиштен орун берсин. Алардын туугандарына кайрат тилейбиз, Жараткан сабыр берсин. Бул кайрымдуулук акциясын уюштурууга колдоо көрсөткөнү үчүн маалымат каражаттарына терең ыраазычылык билдиребиз», - деди фонддун директору.

    Эл өкүлдөрү бул кайгылуу окуя элибизди бир муштумдай бириктирип, өлкөбүздүн жарандары колдорунан келишинче өз жардамдарын бергенин, эч ким кайдыгер карабаганын белгилеп өтүштү. Ошондой эле кырсыктын курмандыктарынын жакындарына мамлекет тарабынан мындан ары да көңүл бөлүнүп, тиешелүү жардам, колдоолор болуп турарын, Жогорку Кеңеш да өз кезегинде четте турбастыгын айтышты. Мындай иши үчүн «Элим барсыңбы?» кайрымдуулук фондуна ыраазычылыктарын билдиришти.

    Иш-чаранын жүрүшүндө кырсыктан курман болгондордун арбактарына багышталып куран окулуп, бата  түшүрүлдү.

    Ал эми депутат Абдывахап Нурбаев телеканалдардын бирине берген маегинде учурда өкмөттүк комиссия иштеп,  учактын кулоосунан жабыркаган кыймылсыз мүлктөрдү калыбына келтирүү боюнча Түркия тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын маалымдады. Депутаттын айымында, түрк авиакомпаниясынын өкүлдөрү кыргыз тарап жер тилкелерин бөлүп берсе  үй куруп берүүгө, же даярд үйлөрдү сатып берүүгө даярдыктарын билдиришкен.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

 

 

Фотогалерея