Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Ирина Карамушкина: «Капиталдык курулуштагы башаламандыкты токтотуш керек»

    Билим берүү министрлигинин бюджети 28 млрд 31 млн сом, бирок түздөн-түз билим берүү багытында анын 22 пайызы гана жумшалат. Бул билим берүү тармагы бири үчүн анчалык деле чоӊ каражат эмес. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева КСДП фракциясынын жыйында билдирди.

    Депутат Ирина Карамушкина бюджеттик каражат сарамжалдуу пайдаланылбай жатканын баса белгиледи. Ал кээ бир адамдар өзү жашаган көчөгө дагы мектеп куруп берүү талабын коюп келгенин эске салды. Министр Гүлмира Кудайбердиева өзгөчө капиталдык курулуш жаатында кемчиликтер кетип жатканын моюнга алды.

    «Тилекке каршы, мектеп керек болбогон айрым бир жерлерде имараттардын курулушу башталып калыптыр. Ошондон улам, курулушу бүтпөгөн мектептер арбын. Биз эми алардын баш тарта албайбыз да», — деди министр Г. Кудайбердиева.

 www.maralfm.kg