Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Асылбек Жээнбеков: Жогорку билим берүүнү мамлекеттин каржылоосу туура эмес

    Бул тууралуу СДПКчы депутат Асылбек Жээнбеков СДПК фракциянын бүгүнкү жыйынында айтты. Жыйында Кыргызстандагы билим берүү системасын реформалоонун абалы боюнча маселе каралып, маалымат угулду.

    «Жогорку билим берүүнү мамлекеттин каржылоосу туура эмес. Биз акырындап мындан кетишибиз керек. ЖОЖдордогу билим берүү бизнес катары каралышы абзел. Мамлекет орто билим берүүгө гана көңүл буруп, андан ары кайсыл ЖОЖдо билим алууну балдар өздөрү чечиши керек. Ошондо ЖОЖдор да иргелип, эч ким тапшырбагандары өзүнөн өзү жабылып, иштерин токтотот. Муну менен билим берүүнүн сапаты да өсөт. ЖОЖдор да өздөрүн өздөрү бакканга өтөт. Ал эми ошол эле мезгилде окуу жайлардын бюджеттик бөлүмдөрүндө квоталык орундар болуп, алар мамлекеттин атайын программасынын негизинде бөлүштүрүлүшү зарыл», - деди А. Жээнбеков.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы