Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Иса Омуркулов: Кыргызстандагы ар бир бала сапаттуу билим алышы керек

    Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын бүгүнкү жыйынында билим берүү тармагынын абалы, бул жаттагы реформанын жүрүшү боюнча маселе каралды.

    Жыйында фракция лидери Иса Омуркулов Токтогул районунун Жаңы-Жол, Кочкор районунун Ак-Кыя, Ат-Башы районунун Большевик айылдарындагы авариялык  мектептерди чукул арада оңдоп-түзөө зарылдыгын баса белгиледи.

    Ошондой эле башкы СДПКчы министрлик тарабынан мектептерге интернетти жеткирүү жаатындагы активдүү иш жүрүп жатканын айтып, мектептерди компьютерлештирип, интернеттерди кошуу  менен жетишпеген окуу куралдарынын ордун толтурууга мүмкүн экенин билдирди. «Атүгүл 20-30 бала окуган алыскы мектептерге да интернет жеткирилиши керек. Анткени, ар бир бала сапаттуу билим алууга ээ болуп, билим берүүнүн бирдей стандарты түзүлүүгө тийиш», - деди ал өз сөзүндө.

    Ошондой эле Иса Омуркулов мугалимдерди аттестациядан өткөрүүнү токтотууга чакырды. Анын белгилөөсүндө, бул процедура өзүн актаган жок. «Тилекке каршы, бул аракет тескери натыйжасын берүүдө. Себеби, биздин мектептерде категориясы жогору, иш тажрыйбасы көп мугалимдер аз эмес. Аттестация алардын адистик даярдыктарына шек келтирип, аларды да капа кылууда. Анын үстүнө аларды  аттестациядан кимдер өткөрүшөт? Бул маселе көптөн бери создуктурулуп келүүдө. Мугалимдерди таарынтпасаңар, алардын категорияларын кайтарып берсеңер», - деди И. Омуркулов.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы