Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Асылбек Жээнбеков: Өлкөдөгү ар бир бала мектептин босогосун атташы керек

    Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын бүгүнкү жыйынында билим берүү тармагы боюнча маселе каралды. Ага тармактын жетекчилери катышып, маалыматтарды беришти.

    Эл өкүлү Асылбек Жээнбеков бүгүнкү күндө канча бала мектепке барбай жатканын сурады.

    «Башмыйзам боюнча орто билим берүү – бул мамлекеттин милдети болуп эсептелет. Бул үчүн чоң көңүл бурулат. 2011-жылы билим берүүгө 14 млрд. сом жумшалган болсо, бүгүнкү күндө 28 млрд. сом бөлүнөт», - деди билим берүү министри.

    Асылбек Жээнбеков 1990-жылдары миграциянын айынан айрым балдар мектепке барбай калганын айтты. Министрдин айтымында, учурда 1-класска жалпы балдардын 98 %ы барууда. Депутат 2 % балдар мектепке барбай калганы туура эместигин айтып, өлкөдөгү ар бир бала мектептин босогосун атташы керектигин, ал үчүн үймө-үй кыдырып, балдардын эсеби алынышы керектигин баса  белгиледи.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

 

 

 

 

Фотогалерея