Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Кыргызстандын мектептери 12 жылдык билим берүүгө өтөбү?

    Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын  10-марттагы жыйынында өлкөдөгү билим берүү системасын реформалоо боюнча маалымат угулду. Аны менен билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева тааныштырды.

    Жыйындын жүрүшүндө депутат Данияр Аттокуров 11 жылдык билим берүүдөн 12 жылдыкка өтүү жөнүндөгү маалыматтардын канчалык чын, төгүнү бар экенине кызыкты.

    Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева учурда бул маселе талаш-тартыштуу, сүйлөшүлүп жаткан маселе экенин билдирди. «Бул татаал маселе. Азыркы учурда Казакстанда, Россияда 12 жылдыкка өтүүгө даярдык иштери жүрүүдө. Мындай реформанын башкы максаты – окуучуларга болгон оорчулукту жеңилдетүү, анткени, окуучулардын кыйналуусу бүгүнкү билим берүүдөгү башкы көйгөйлөрдөн болуп эсептелет. 12 жылдыкка өтүү бир күндүк маселе эмес. Бул багытта комплексттүү иштерди жүргүзүү зарыл. Орточо эсепте даярдыкка 1 жылдан 3 жылга чейинки убакыт керек», - деди Гүлмира Кудайбердиева.

    Депутат ошондой эле 2017-жылдын бюджетинде мугалимдердин маяналарын көтөрүү планы бар, жоктугун сурады. Каржы министринин орун басары бул жылы мугалимдердин айлыгы көтөрүлбөй турганын билдирди.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

 

Фотогалерея