Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Карамат Орозова: Тиешелүү мыйзамдарды катуулатып, үй-бүлө очогун сактап калалы

    Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңеш жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” саатында ажырашуулардын саны арбып бараткандыгы айтылды. Депутат Карамат Орозова үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, балдарга болгон кордук маселесине токтолду.

    Депутат белгилегендей, бүгүнкү күндө ажырашуу бир эле арыздын негизинде болуп калды. Ал эми ажырашуулардын себебин иликтеп, жыйынтык чыгарган киши жок. Ошондуктан ажырашуудан кийин балдар менен энелер талаада калып жаткандыгын белгиледи.

    “Андыктан, Үй-бүлө мыйзамы баштаган укуктук-ченемдик актыларды катуулатып, үй-бүлө очогун сактап калалы”,- дейт депутат.

www.maralfm.kg