Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Момбеков Рыскелди: Өкмөттөн өттү, өтмөктөн ары өткөн жок

Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Момбеков Рыскелди Талас облусунда төө буурчактын кунунун түшүп бара жатканын айтты.

“Талас облусу бир гана төө буурчакты өстүрөт, өндүрөт. Бирок бүгүн анын баасы 15 сомго түштү. Өкмөттөн бул нерсеге эмнеге көңүл бурулбайт? Айыл чарба министри эмнеге кызыкпайт? Же төө буурчакты алган киши жок. Элдин абалы оор. Мухаммедкалый Абылгазиев бул жылы бардык облустарды кыдырып чыкты. Бир гана Таласка барган жок. Өкмөттөн өттү, өтмөктөн өткөн жок. Таласка эмнеге барбайт, таарынычы барбы?” – деди депутат.

www.kyrgyztoday.kg