Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Чыңгыз Айтматов атындагы орден негизделет

Жогорку Кеӊештин Конститутциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети Чыӊгыз Айтматов атындагы орденди белгилөө жөнүндөгү демилгенин концепциясын колдоду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Демилгечилердин бири депутат Аида Касымалиеванын айтымында, Чыӊгыз Айтматов атындагы орденди белгилөө менен анын көркөм мурасын сактоо, кеӊири жайылтуу көздөлүүдө.

Бул орден менен маданият тармагынан өнүгүшүнө салым кошкон кыргыз жарандары жана чет өлкөлүк адамдар сыйланат. Орден мамлекеттен каржыланат жана каржы булагы аныкталган.

www.maralfm.kg