Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Тармактык комитет төрагасы К.Керезбеков Европа Биримдигинин атайын өкүлү П.Буриан менен жолугушту

      Бүгүн, 21-февралда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча парламенттик комитеттин төрагасы Канат Керезбеков Европа Биримдигинин Борбор Азиядагы атайын өкүлү Петер Буриан баштаган делегация менен жолугушту.

      Жолугушуу алкагында Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы алакалар, анын ичинде Европа парламенти менен Жогорку Кеңештин кызматташтыгын арттыруу маселелери талкууланды. Ошондой эле мыйзам чыгаруу жана анын аткарылышын көзөмөлдөө менен укук үстөмдүгүн орнотуу жаатында тажрыйба алмашуу тууралуу сөз жүрдү.

      Комитет төрагасы Канат Керезбеков парламенттик-демократиялык багытта өнүгүүнү көздөгөн Кыргызстан Европа Биримдиги менен тыгыз кызматташууга кызыкдар экендигин белгилеп: “Айрыкча, Жогорку Кеңеш адам укугун коргоо, таза шайлоо системасын калыптандыруу, сот реформасын аягына чыгаруу сыяктуу бир катар артыкчылыктуу багыттарда түзүлгөн өнөктөштү улантууну көздөйт”, – деди.  Ошондой эле, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча парламенттик комитет тарабынан жасалып жаткан иштерге токтолгон Канат Керезбеков Акыйкатчы институтунун өз алдынчалуулугун жогорулатуу менен аны адам укугун коргогон башкы мекемеге айлантуу маселеси тууралуу да кеп салды.

      Өз кезегинде Петер Буриан Европа Биримдиги Кыргызстанды Борбор Азиядагы маанилүү өнөктөш катары таанырын белгилеп, эркин коомду куруу багытында жасалып жаткан иштерди колдоого даяр экендиктерин кошумчалады.

     Андан тышкары, жарандык коом менен мамлекеттин ортосундагы тыгыш байланышты күчөтүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча ой бөлүштү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Фотогалерея