Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Аида Касымалиева: 3 жашка чейинки балдарга кам көрүү күндөлүгүн жайылтуу керек

Балдардын үч жашка чейинки өнүгүүсү абдан маанилүү. Андыктан 3 жашка чейинки балага кам көрүү боюнча колдонмо күндөлүгүн жайылтуу керек. Бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева демилге көтөрдү.

Демилгечи билдиргендей, бул колдонмо балдардын өнүгүүсүнө чон таасир этет. Ошондуктан колдонмону эл арасына кеңири жайылтууну колдоого алуу зарыл.

Ал эми ЮНИСЕФ фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо бул күндөлүк ар бир энеге баланы өнүктүрүүгө жардам берет дейт. Ошондой эле, бул күндөлүктөр Японияда көп жылдан бери колдонуп келгенин билдирди.

Маалыматка ылайык, күндөлүктүн стандарттары ЮНИСЕФ балдар фонду тарабынан белгиленген.

maralfm.kg