Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Айнуру Алтыбаева: Укук коргоо органдарын реформалоо соңуна чыксын

Укук коргоо органдарындагы реформаны соңуна чыгаруу керек. Бул тууралуу депутаттар парламент жыйынында айтып чыгышты.

Депутат Айнуру Алтыбаеванын белгилөөсүндө, укук коргоо органдарынын учурдагы акыбалы улуттук коопсуздукту камсыздоого жана коомдун талабына жооп бербейт. Бул экономиканын өнүгүүсүнө да терс таасирин тийгизүүдө.

Маалымттар боюнча, 2016-жылы 18-июлда укук коргоо тармагын реформалоо боюнча президенттин буйругу чыгып, аны депутаттар колдогон, жумушчу топ да түзүлгөн. Ал Жеңиш Разаковдун жетекчилигинде бир жыл иш алып барды. Депутаттар ошол  ишти кайра улантууну өтүнүштү.

www.maralfm.kg