Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Абдывахап Нурбаев: Ачык асман саясаты кирсе билеттердин баасы түшөт

Кыргызстанда дүйнөдөгү алдыңкы авиакомпанияларга бир жактуу учууга уруксат берүү демилгеси көтөрүлдү. Тагыраагы башка өлкөлөрдүн учактары Кыргызстан аркылуу жер планетасынын каалаган бурчуна учуп кайра өз өлкөсүнө кайтууга жол ачылат. Бул аба эркиндигинин үчүнчү баскычынан бешинчи баскычка өтүү дегенди түшүндүрөт. Бирок ошол эле учурда Жарандык авиация бул демилгеге каршы чыгууда. Аталган теманын айланасында Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев менен «Күн чабытта»маектештик.

Марал: Абдывахап мырза аба эркиндигинин 3-баскычынан 5-баскычка өтүү же башкача айтканда Ачык асман саясаты ишке аша турган болсо Кыргызстан андан эмне табат деги эле мунун артыкчылыктуу багыттары кайсылар?

Абдывахап Нурбаев: Эң биринчиси Кыргызстан аркылуу Европа жана башка чоң-чоң мамлекеттерге учууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ири авиакомпаниялар өлкөгө кирип биз аркылуу каттоого жол ачылат. Экинчиден авиабилеттерге болгон баа арзандайт. Азыр карасаңар Бишкек-Ош каттамынын баасы Бишкек-Москваныкы менен тең болуп калууда. Бул атаандаштыктын жоктугунун себеби. Бир-эки монополист компания кирип алган.

Транспорт жана жолдор министрлиги Ачык асман болсо атамекендик компанияларга зыян келтиребиз деп айтып жатышат. Бирок, ошол бир-эки компаниянын кызыкчылыгы деп миллиондогон элдин кызыкчылыгы каралбай калууда. Бишкек-Ош каттамы 5 миң сомго чейин чыгып кетип жатат. Буга элдер нааразы. Эгер Ачык асман кирип кала турган болсо президентибиз Алмазбек Шаршенович айткандай аэропортубуз граждантык хаб боло алат. Көп компаниялар келет, логистикалык борбор ачылат, туризм өнүгөт. Демек Ачык асмандын арты менен беш-алты тармакка инвестиция келиши мүмкүн.

Марал: Жарандык авиация Ачык асман саясаты ишке ашса жергиликтүү авиакомпаниялар атаандаштыкка туруштук бере албай жабылып калуу коркунучу бар деп жатышпайбы. Атамекендик авиаишканаларга артыкчылык берип аларды дагы сактап калууга болобу?

Абдывахап Нурбаев: Эми алар (ред: жергиликтүү авиакомпаниялар) элге жакшы шарт түзүп бербей, өзүлөрүнүн пайдасы үчүн элге кыйынчылык келтирип жаткандан кийин аларга мунун кереги жок го деп ойлойм. Ал бир эки чиновниктин компаниясы болушу мүмкүн. Бирок, элдин кызыкчылыгы жогору турушу керек.

Марал: Адистер Кыргызстандын аэропорттору эл аралык талаптарга жооп бербейт деп айтып келишет. Эгер бул долбоор ишке аша турган болсо маселе кандай болуп чечилет?

Абдывахап Нурбаев: Бишкекте эл аралык аэропорт бар, азыр деле учуп жатышат. Кээ бир нерселерди оңдогонго туура келет. Ал эми Ош шаары боюнча айтсам, ал жакта чоң жер тилкеси бөлүнүп жатат. Жакын арада өкмөт менен Мамлекеттик жеке өнөктөштүк мыйзамын дагы иштеп чыксак жаңы аэропорт салынат. Бул ишке ашса Ош шаары Фергана өрөөнүнүн авиа борбору болуп калат.

Марал: Кыргызстандын авиациясы али күнгө чейин Европанын кара тизмесинен чыга албай келет. Кара тизмеден чыгуу үчүн өкмөттүн аракетин көрүп жатасызбы жана канткенде чыга алабыз?

Абдывахап Нурбаев: Кара тизмеден чыгабыз деп көп жылдан бери аракет кылып акча каражатын деле бөлүп жатышат. Мен дагы түшүнө албай жатам дагы деле эмнеге чыга албай жатабыз. Мына Кыргызстандын бир авиакомпаниясы бар экен, анын бир самолету болсо ал дагы бузулуп калыптыр. Ошол үчүн Ачык асман саясатын киргизе берсек дүйнөдөгү чоң-чоң авиакомпаниялар келмек. Анткени атаандаштык болсо баа түшүп, сапат дагы жогорулайт.

www.maralfm.kg