Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Улуттук тилди өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттарды жумушчу топ иликтейт

2014-2020-жылдар аралыгында мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө 500 млн. сом бөлүнгөн менен, бүгүнкү күнгө чейин анын 142 млн. сому гана өздөштүрүлгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.

Анын айтымында, бөлүнгөн каражаттын көбү Билим берүү жана илим министрлиги менен Маданият министрлигине тийип, Улуттук тил комиссиясына 2-3 млн. сом гана берилген. Мындан улам ал тармактык комитетке протоколдук тапшырма берүүнү парламенттин 14-сентябрдагы жыйынында айтып чыккан.

Ошол протоколдук тапшырманын айланасында аткарылып жаткан иштер Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 30-октябрдагы жыйынында каралды.

Бул багытта депутат Рыскелди Момбеков маалымат берип,  бул жерде коррупциянын арааны ачылып тургандыгын жаап-жашырууга болбостугун айтып, ишти кылдат иликтеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүүнү сунуштады.

Жыйындыгында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык жүргүзүлгөн иштерди тармактык комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова жетекчилик кылган жумушчу топ тыкыр иликтөөгө алмай болду. Жумушчу топтун курамында депутаттар Р.Момбеков, Т.Икрамов, Д.Төрөкулов, А.Самигуллина, А.Исмаилова кирди.

www.maralfm.kg