Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Иcа Өмүркулов: Турсунбековду эч ким куугунтукка алган жок

Чыныбай Турсунбековдун Жогорку Кеңештин төрагалык кызматынан кетүүсүнө  эч ким куугунтукка алган жок. Бул тууралуу КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Турсунбеков социал-демократтар партиясында калат. Ал эч кимдин ишениминен чыккан жок. Балким, кийин дагы төрагалыкка сунушталат.

Мындан тышкары КСДП фракциясынын лидери парламент төрагасынын өз ыктыяры менен кеткени өлкөдө демократиянын өнүгүп жатканынын көрсөткүчү экенин баса белгиледи.

Эске салсак, 25-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Чыныбай Турсунбеков төрагалыктан кетерин айтты. 

www.maralfm.kg