Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Депутат Карамолдонун маарекесин жакшы белгилөө керек деди

   Залкар комузчу, улуу композитор Карамолдо Ороз уулунун 175 жылдык маарекесин өткөрүү боюнча комиссия түзүп, азыртан даярдык көрө баштоо керек. Бул тууралуу депутат Осмонбек Артыкбаев Жогорку Кенеш жыйынында билдирди.

   Депутаттын айтымында, келерки жылы залкар комузчунун маарекесин  жакшылап белгилөө керек. Ал эӊ биринчи «эл артисти» наамын алган адам. Анын кыргыз маданиятына кошкон салымы менен ээлеген орду өзгөчө.

   « Китептерди чыгарып, фильмдерди тартып, конференцияларды өткөрүш керек. Анын өмүрү менен өнөрү жөнүндө кийинки муундарга жеткирүү – биздин милдет», — дейт депутат.

   Карамолдо Ороз уулу “Сынган бугу”, “Ибарат”, “Терме Камбаркан” жана башка классикалык залкар күүлөрдү ойноп тасмага жаздырган.

www.maralfm.kg