Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Рыскелди Момбеков: Экотехинспекция коррупцияга баткан органдын бирине айлангандыктан, “майлуу-сүттүү” жерлерди гана текшерүүгө алат

    Парламент депутаты Рыскелди Момбеков Экотехинспекция коррупцияга баткан органдын бирине айлангандыктан, “майлуу-сүттүү” жерлерди гана текшерүүгө алып, аялдардын эмгек келишим менен иштебей жатканын көз жаздымында калтырып жүргөнүнө токтолду

    - Экотехинспекция бүгүнкү күндө чоң коррупциялык органга айланды. Алар керектүү жерге барып эле эскертүү бергенге маш. Алсак, “Дыйкан” базарын жапканда алдыда жүрдүңөр. Ал эми адамдардын коопсуздугу, эмгек келишим дегендерди эске албайт. Биз акыйкатчынын баяндамасында эскертүүлөрдү аткарбаган жоопкерчиликтүү адамдарды жоопко тартып, кызматтан айдачусун айдашыбыз керек.

"Кыргызтаймс"