Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Рыскелди Момбеков: Инспекция “Дыйкан” базарын жабат да, адамдардын коопсуздугун эске албайт

    Кечээ, 12-июнь күнү парламенттин тийиштүү комитетинде акыйкатчы социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйында аялдардын жана балдардын эмгек укугун сактоо боюнча баяндама жасады.

    КСДП фракциясынан депутат Рыскелди  Момбеков укук бузулган боюнча канча кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат сурады. Анын суроосун мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясынын өкүлү эмгек укуктуу бузгандарга инспекция эскертүү бере турганын айтты. Аткарбаса жоопкерчиликке тартыла турганын билдирди. Момбеков аталган инспекция коррупциялык органга айланып баратканын айтып,  “инспекция “Дыйкан” базарын жабат да, адамдардын коопсуздугун эске албайт”-деди Момбеков.

www.fakt.kg