Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Төрөбай Зулпукааров, КСДП фракциясынын депутаты: «Талапкер тыкыр тандалды»

Төрөбай Зулпукааров, КСДП фракциясынын депутаты: «Талапкер тыкыр тандалды»

—Төрөбай, Закирович, президенттикке талапкерди көрсөттүңүздөр, бул бирдиктүү пикирден чыктыбы, кандай негизде аныктадыңыздар?

—Ооба, бирдиктүү пикирден чыкты. Биздин партияда татыктуулар көп, алардын рейтинги каралды. Көз карандысыз уюмдар тарабынан социалдык сурамжылоо жүргүзүлдү. Бардык жагынан талданып, ошонун негизинде чечим кабыл алынды.

—Эми шайлоо мыйзамын шайкеш келтирүү калды окшойт, качан өтүшү мүмкүн?

—Конституцияда ноябрь деп жазылган, бирок аны жылдыруу туралуу мыйзам долбоору экинчи окуудан кабыл алынды, анда октябрда өткөрүү каралган. Эми регламентте көрсөтүлгөн мөөнөттөрдөн кийин жалпы жыйынга чыгып, үчүнчү окуудан кабыл алынса, президентке жөнөтүлөт. Кол коюлуп, жарыялангандан кийин мыйзам күчүнө кирет. Бул шайлоо эки тур менен өтүп калса жетишип калуу максатында жазылды.

—«Атамекенчилер» августка жылдырууну сунуштаган эле, октябрда жетишеби?

—Жетишет, анткени мыйзам долбоорду алып чыгардан алдын баарын эсептеп, коомдук, парламенттик угуулар өткөрүлгөн. БШК менен мөөнөтү такталган, бардыгын санап чыгышкан.

—Күрөө боюнча да талаш-тартыштар жаралууда, суммасы көтөрүлөбү?

—Күрөө биздин демилге эмес, «Республика — Ата Журт» фракциясы сунуштап жатат. Мурун 100 миң сом болсо, азыр миллионго көтөрүү сунушу берилди. Бирок көпчүлүк депутаттарга жакпай турат. Эми аны добуш берүү аныктайт.

—Талапкерлер тил сынагын да «Кыргызтесттен» тапшырат деген сөздөр болууда…

—Президенттикке талапкер болгондор Кыргыз Республикасында 15 жылдан аз эмес жашашы керек, Кыргызстандын жараны болуш керек, сөзсүз түрдө кыргыз тилин бериши керек деген сындуу талаптар бар. Эң негизгиси мамлекеттик тилди сөзсүз билүү талабы бар. Ал жобо аткарылат, формасы гана өзгөрүшү ыктымал. Мурун комиссия түзүлүп, дил баян алып, көркөм окуусун карап, кыргыз тилин билүү деңгээлин текшерип келген.

—Кувейттен келген меймандарды кабыл алыпсыздар, бул алгачкы сапарбы?

—Ооба, бул биринчи жолу болуп отурат. Кувейт парламентинин депутаттары менен Кыргыз парламентинин депутаттарынын ортосундагы жолугушуу болду. Кувейт мамлекети демилге көтөрүп, алаканы чыңдоо максатында уюштурууда. Кудайым буйруса алдыда жакшы иштер башталганы турат.

Памир Манас