Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Депутат Матраимов Оштун вице-мэрине нааразы

    Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда Ош шаарына таштанды төгүүчү жай куруу боюнча маселе каралып жатат. Таштанды төгүүчү жай куруу үчүн чет өлкөдөн насыя акча алынат, ага байланыштуу депутаттар ар бир маселеге тыкыр көңүл бурушууда.

    Депутат Искендер Матраимов Ош шаарынын вице-мэрине нааразылыгын билдирди. Анткени, ал таштанды үчүн төлөөчү акча 30%га көбөйсө канча сомго жетээрин билбей калган.

    «Албетте,биз бул мыйзам долбоорун колдойбуз. Бирок таштанды төгүүчү жай курганга жерди таптыңарбы, акчалар кандай пайдаланылат. Силер ушуларга так жооп бере албай жатканыңарга күйүп жатам» — деди ал.

www.teznews.kg