Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Рыскелди Момбеков: 4 жолу бийликти басып алууга аракет кылган Жапаровду улуттук лидер катары көрсөтүп жатканыбыз уят

    Жогорку Кеңештин бүгүнкү 30-марттагы жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков 4 жолу бийликти басып алууга аракет кылган Садыр Жапаровду улуттук лидер катары кароо уят экенин айтты.

    “Садыр Жапаров буга чейин Ак үйдү басып алууга аракет көргөн, Кумтөрдүн жолун жаап, өкмөткө зыян келтирген. Андан кийин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн барымтага алган. Кечээ УКМКга кармалганда тарапташтары УКМКны басып алууга аракет кылды. 4 жолу бийликти басып алууга аракет кылган Жапаровду бүгүн улуттук лидер катары көрсөтүп жатканыбыз уят” – деди Момбеков.

    Ошондой эле митингде кармалган балдар УКМКнын имаратында эмес кармоо учурунда сабалганын айтты.

 www.fakt.kg