Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Жогорку Кеӊештин депутаттары жер көчкүдөн жабыр тарткан жарандардын абалы менен таанышты

   Жогорку Кеӊештин депутаттары Аалы Карашев, Аида Касымалиева (КСДП) көчкү кырсыгынан бир үй -бүлөнүн өмүрүн алган Өзгөн районундагы Ничке-Сай айылына барып, бөөдө кырсыктан каза болгондордун жакындарына Жогорку Кеӊештин атынан 200 миӊ сом өлчөмүндө материалдык жардам тапшырышты, деп КР ЖК Басма сөз кызматы билдирет.

   Ошондой эле, эл өкүлдөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен чогуу  айыл тургундарынын көйгөлөрүн талкуулашты.

   Белгилей кетсек, 26-мартта Ничке-Сайдагы жер көчкү бир үй-бүлөнүн алты мүчөсүнүн өмүрүн алган.  Жер көчкү түшкөн аймакта көчкү дале болсо жылып жаткандыктан, сөөктөрдү изилдөө иштери убактылуу токтотулган. Кооптуу жайлардагы үйлөрдөн айрым үй-бүлөлөр чатырларга убактылуу көчүрүлгөн.