Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Данияр Аттокуров: «Өнүгүү-Прогресс» парламентти таркатуу чечимин чыгарып бербейби

    Социал демократтар фракциясынан депутат Данияр Аттокуров Жогорку Кеңештин жыйынында Бакыт Төрөбаевге кайрылып, парламентти таркатууну «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы биринчи баштап бербейби деген сунушун берди:

— Өткөн жумада Бакыт Эргешович улуу трибунага чыгып «акыркы учурда VIчакырылыштын иши жакшы болбой жатат, өкмөттүн иши дагы начар» деген сөздөрдү айтты. «Тарап кетпейлиби» деген дагы сунушун берди. Бакыт Эргешовичтин сөзү популисттик болбосо анда өзүнүн  «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы таркап кетүү боюнча чечим чыгарып бербейби.

    Аттокуров бул чечимдин кандай болгонун кийин тарых көрсөтөөрүн айтып, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын кийинки кадамы кандай болооруна кызыкты.

    Бакыт Төрөбаев 1-мартта парламентте Башкы прокурор Индира Жолдубаева менен УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев Текебаевдин камалышы боюнча маалымат берип жатканда эл өкүлдөрүнө жогорудагы сунушту айткан.

    Президент Алмазбек Атамбаев маданият кызматкерлерине сыйлык тапшыпыр жатып Төрөбаевдин бул сөзүн «мародер акесине болушуп, күйүп айтты» деп сынга алып, бирок анын парламентти таратуу сунушун колдой турганын ачыктаган.

www.maralfm.kg