Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Рыскелди Момбеков: Мектептин директорлору министрликке баш ийбейт

    Бишкек шаарындагы мектептердин директорлору Билим берүү министрлигине баш ийишпейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги тармактык комитеттин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

    Эл өкүлү билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева шаардагы мектеп директорлорун жумуштан алууга таасир эте албай тургандыгын кошумчалады.

    Ошону менен катар шаар мектептеринде жалаң атактуулар 30-40 жылдап иштеп жүрүшкөнүн айтты. 

    Мындан улам билим берүү тармагын реформалоо ишин шаардык мектептерден баштап, департаментти толук билим берүү жана илим министрлигине өткөрүп берүү сунушу айтылды.

www.maralfm.kg