Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Орусиянын элчилигинин алдына митингке чыккандарга чара көрүү сунушталды

    Cоциал демократтар фракциясынан депутат Узарбек Жылкыбаев 28-фералда Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында болгон митингди укук короо органдары текшерип чыгышы керектигин билдирди. Ал Жогорку Кеңештин ар кандай маселелер саатында сүйлөп жатып митингке чыккан бир улуттун өкүлдөрүнүн нааразычылык акциясы коопсуздукка таасирин тийгизип коюшу мүмкүн экенин айтты:

    — Чакан митинг экен. Бирок ал жерде бир улуттун өкүлдөрү улуттук коопсуздукка өзүнүн таасирин тийгизип койчудай чакырыктар менен чыгышыптыр. Муну күч органдарына тапшырма берип, так изилдеп чыгыш керек. Анткени мындай майда иштерден чоң чатак чыгып кетет. Мындай иштерди биздин өлкөдө болтурбоо керек.

    Эске салсак Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон сапары учурунда Орусиянын элчилиги астына «Орус жарандарына болгон кысым токтолсун. Орус жарандарына Кыргызстанда жумуш берилбей жатат» деген чакырыктар менен митинг болгон. Ал сүрөттөр социалдык тармактарга тарап, коомчулуктун сынына кабылууда.

www.maralfm.kg