Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Депутат Ирина Карамушкина: «Биз туура жолдо баратабыз, ага келтире турган мисалдар арбын!»

     Жогорку Кеӊештин Өнүгүү стратегиясын ишке ашыруунун усулдары менен жолдорун талкуулоого арналган конференциянын жүрүшүндө, депутат Ирина Карамушкина өзү катары менен парламенттин үч чакырылышына депутат болгонун, ошондон улам анын ар кайсы жылдардагы чакырылыштарынын ишин салыштырууга мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи, деп КР ЖК Басма сөз кызматы билдирет.

    «Мындан 10 жыл мурда, 2007-жылы КСДП партиясы Жогорку Кеӊештин көпчүлүк коалициясына оппозиция болгон. Бизге сөз берилчү эмес. Ачык-айкындуулук жок болчу. Нааразычылык иретинде оозубузду чаптап алган да күндөр болгон. Азыр абал башкача, оппозиция тараптагы депутаттар эркин сүйлөп, бийликке сын айта алат. Жалпыга маалымдоо каражаттары парламенттин иши ачык чагылдырууд. Алар аркылуу да өз оюӊду билдирүүгө мүмкүнчүлүк бара», - дейт депутат.

    Ирина Карамушкина кыргыз парламентинин мындай ийги иштерине Президент Алмазбек Атамбаевдин кошкон салымы зор экенин, ошондон улам акыркы парламенттик шайлоо таза өтүп, калк каалаган депутаттар шайланып келгенин белгиледи. «Кыргызстандагы парламенттик демократиянын өнүгүшүнө коӊшу өлкөлөр да көз салып турат. Биз бул багыттагы ишибизди солгундатпашыбыз керек. Ошондуктан, эл аралык тажырыйбаларга таянып, жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, өнүгүшүбүз керек», - дейт ал.

    Депутат көп партиялуулук жакшы экенин, ал коррупциялык жосундардын жайылышына катуу көзөмөл жүргүзө турганын, бирок анын да кемчил жактары болгондуктан, жалпыга белгилүү чындыкты далилдөө кыйынчылык жаратарын айтты. «Ошондуктан, биз өз оппоненттерибиз менен мамилени туура жолго коюу менен, партиялык тизменин сапатына өзгөчө көӊүл бурушубуз керек», - деп кошумчалады ал.

    Эске салсак, Жогорку Кеӊештин 2021-жылга чейин Өнүгүү стратегиясын ишке ашыруунун усулдары менен жолдорун талкуулоого арналган конференция өтүп жатат. Иш-чарага Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган депутаттар, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, дипломатиялык өкүлчүлүктөр менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышууда.

 

 

 

Фотогалерея