Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Жанар Акаев: Расмий адамдар телеканалдарга чыгып кар кырк беш сантиметр эле жаады деп, күйгүзүп жатат

    Бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында ар кандай маселелер бөлүгүндө, КСДП фракциясынын  депутаты  Жанар Акаев сөз сүйлөп, Чаткалда, Кара Кулжада, Алайда  оор түшкөн кардан улам эл кыйналып техника жетишсиз болуп жатса, телеканалдар калп маалымат тартып жаткандыгын айтты.

    “Баарынан кызыгы элдин каарын келтирген нерсе, эл кар оор түшүп кыйналып жатса телеканалдар, жада калса айрым расмий адамдар телеканалдарга чыгып кар кырк беш сантиметр эле жаады деп, күйгүзүп жатат.”-деди Жанар Акаев.

www.fakt.kg