Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Жанар Акаев кайсы аткаминерлер Дубайда эс алганын айтып чыкты

БүгүнКСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев парламенттик шайлоо учурунда  коррупцияга каршы күрөшөбүз деген депутаттардын убадаларын эске салды.

“Мен айтып өтөйүн. Тоок урдагандарды ,2 миң сом пара алган мугалимдерди  жарнама кылсак коррупция менен күрөшүп атабыз деп.  А биздикилерге тийбеш керек деген туура эмес. Карга карганын көзүн чокубайт деген ушул. Кыргызстан  2016-жылы коррупция менен олуттуу күрөшпөгөнү байкалган. Дагы эскерте кетчү жагдай, Бажы 2016-жылдын планын  2 миллиард  837 миллион сомго аз толтурду, бюджетке жетиштүү каражат түшкөн жок. Бирок ошол эле Бажы кызматынын 200дөн ашуун кызматкери 30-декабрда эмгек өргүүсүнө чыгып,  алардын бир нече жетекчилери Алматы  аркылуу чет өлкөгө Жаңы жылды тоскону чыгып кетишкен. Планды толтура албаса, бюджетибиз тартыш болуп жатса, Дубайда эс алган Бажы жетекчилерине өкмөт чара көрүшү керек” – деди Жанар Акаев.

www.fakt.kg