Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Иса Омуркулов: 2010-жылы ар бир чалуудан алынган 60 тыйындын дайыны каякта?

    КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов 60 тыйындан MegaCom компаниясы 320 миллион сом пайда көргөндүгүн кошумчалады.

    БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. 2010-жылы ар бир чалуу үчүн алынган 60 тыйындан чогулган каражат кайда кетти? Аталган маселени КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов парламентте "Электр жана почта байланышы жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам каралып жатканда көтөрдү.  Эл өкүлүнүн айтымында, ар бир чалуу үчүн 60 тыйын алуудан MegaCom компаниясы 320 миллион сом пайда көргөн.  "Кошумча чогултуудан бир гана MegaCom эмес, башка компаниялар да алышкан да. Алардын отчеттору кайда?" — деди депутат.  Өмүркулов өкмөт өкүлдөрүнөн жазуу түрүндө маалымат берүүсүн талап кылды. Эскерте кетсек, 2010-жылы уюлдук компаниялар ар бир чалуу үчүн 60 тыйындан алуу чечимин чыгарган. Ошондон кийин бир нече ирет митингдер өткөн.

www.sputnik.kg