Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Иса Омуркулов: Бул шайлоолордун мааниси өтө чоң

    «Бул шайлоолордун мааниси өтө чоң», - деди ЖКдагы СДПК  парламенттик фракциясынын лидери Иса Омуркулов. Минтип эл өкүлү № 1208 УШКда добуш берип жатып айтканын  АКИpress маалымат агенттиги билдирди.

    «Бүгүн саясий чоң майрам. Анткени, Конституцияга өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү үчүн добуш берип жатабыз. Референдум өтүп жатат, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлап атабыз. Ошондуктан бул шайлоолордун мааниси өтө чоң. Татыктууларды шайлап алабыз деп ишенем», - деди ал.