Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

АБДЫВАХАП НУРБАЕВ РЕФЕРЕНДУМГА АКТИВДҮҮ КАТЫШУУГА ЧАКЫРДЫ

    Ар бир жараан элдик  референдумга катышып, өз келечеги үчүн добуш берүүсү керек. Мамлекеттин саясатын колдоо келечек үчүн өтө маанилүү. Бул тууралуу КСДП фракцяисынын  депутаты Абдувахаб Нурбаев партиянын коомдук кабылдамасында эл менен жолугушуу учурунда билдирди.

    Ага Ош шаары жана облусунун тургундары катышышты. Алар эл өкүлүнө өздөрүнүн чечилбей жаткан көйгөйлөрүн айтуусуна да мүмкүнчүлүк жаралды.

    Арыз-даттануулардын басымдуу бөлүгү Ош шаарынан болуп, негизинен кечки жарыктандыруунун жетишсиздиги жана мыйзамсыз курулуштар жөнүндө болду. Депутат Нурбаев ар бир кайрылуу эске алынаарын кошумчалады.

    “Сиздердин ар бир сунушуңуздар өз дарегине жетет жана тез арада жооп берилет. Ош шаарындагы көйгөйлөр шаардык денгээлде, облустагылары мамлекеттик бюджеттен каржыланса, мен аны келерки жылдын бюджетине кошууга аракет кылам. Ошондой эле алдыдагы 11-декабрда өтүүчү референдум жана шайлоого активдүү катышууңуздады суранат элем. Анткени ар бириңиздердин добушуңүздар мамлекет үчүн маанилүү”,-деди ЖК депутаты Абдувахаб Нурбаев. 

 www.yntymak.kg