Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Рыскелди МОМБЕКОВ, ЖК депутаты: “ Энергобарондор Энергетика министринин башын жутту эле, этегин таппай калдык ”

    - Рыскелди мырза, жаңы өкмөт куралды. Сиздин бул курам боюнча оюңуз кандай?

    -Кечээ коалициялык көпчүлүктүн жыйынында өкмөттүн түзүмү, ошол түзүмүнө ылайыкташтырылган өкмөттүн курамы, структурасы каралды. “Жаңы өкмөт кайсы программа менен барат? Аларды аткарууга кимдер пайдаланылат?” деген маселелер коалициялык көпчүлүктө каралды. Коалициялык көпчүлүк өкмөттүн жаңы курамына бир пикирде макул болгон күндө дагы курамы, түзүмү боюнча ачуу сындар айтылды. “Энергобарондор” Энергетика министринин башын жутту эле, этегин таппай калдык. ЕвразЭСте энергетика боюнча министрибиз бар. Ал эми өзүбүздө энергетика боюнча министрибиз жок. Экономиканын эң кирешелүү тармагы болгон энергетиканын башы жок калды. Холдинг кылабыз дешти эле, холдинг бир жылдан бери иштеген жок. Жылдан жылга кайра анын карыздары көтөрүлүп атат. Бирок, чакан ГЭСтер боюнча өкмөттүн программасында бар экен. Ошол боюнча суроо берсем, “Чакан ГЭСтер боюнча иштер жүрүп атат. Инвесторлор келип жатат, биз тактап атабыз, каттап атабыз” деп жооп беришти. “Силер тактап, каттап бүткөнчө Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өзү эле баштады. Биз чакан ГЭСти кура албай жатсак, алар дүйнөдөгү эң чоң ГЭСти кура баштады. Бул саясий эрктүүлүктү көрсөтүп турат. Бизде ушундай эрктүүлүк болбой атат. Экинчиден, өкмөт чакан ГЭСтер боюнча тоскоолдуктарды жаратып жатат. Инвесторлордун баардыгы өкмөткө ишенбей, Жогорку Кеңеште жүрүшөт. Бул өкмөттүн энергетика тармагында жөндүү иш алып бара албай жатканын тастыктап турат. Экинчи маселе өкмөттүн курамына “Бир Бол” партиясынан сунушталган Нурбек Мурашев жөнүндө “Айыл чарба министрлигине айыл чарбаны билген кесипкөй адам келгендин ордуна ушул Мурашев келди. Анын талапкерлиги татыксыз. Оппозиция муну эртең эле айтып чыгат. Аны сунуштаган “Бир Бол” фракциясы болуп атат” деген пикирлер айтылды. Негизинен өкмөт башчы тобокелчиликти тонуна, жоопкерчиликти жонуна алып, “түшүмүнө мен жооп берейин, түзүмүнө силер жооп бергиле” дегендей кылып жоопкерчиликтин баарын өзүнө жүктөдү. Биз ошого макул болдук. Азыр парламент бекитип берсе, анда өкмөт ишин аткарууга киришет.

    - Ички иштер министрлигине келе турган Атамбаевдин мурдагы жеке жан сакчысы Улан Исраилов тууралуу ар кандай сын-пикирлер айтылып атат...

    - Улан Исраиловду жакындан билген адам катары айта турган болсом, ал - чыныгы мекенчил бала. Көбү “Президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы болгон. Жан сакчысын кызматка алып келип атат” деп айтып атышпайбы. Ал бир гана президенттин жан сакчысы эмес, президентти - мамлекетти башкарган адамдын жан сакчысы, мамлекеттин деле жан сакчысы болгон да. Ал мекен үчүн күйүп бышкан. Аны тарыхына, таржымалына терең карап изилдебей эле, ал жөнүндө маалымат билбей туруп “сырттан, көчөдөн эле келип калды” деп атышат. Жок, бул бала көп жылдардан бери Ички иштер министрлигинде иштеп келген. Кийин күзөт кызматына өткөн, кайра Ички иштер министрлигине келген. Свердлов райондук ички иштер бөлүмүн башкарды. Ички иштер министрлигинин башкармалыгынын башчысы болду. Андан кийин УКМКга барды. Кийин өзүнүн ишин так аткаргандыгы үчүн президент тарабынан сунушталган. Анткени, күч органдарын президент өзү тейлейт эмеспи. Ишеним президент тарабынан көрсөтүлгөндөн кийин биз макул болдук. Уланды мен жакшы билем. Эң негизгиси бул саясатка, ар кандай интригаларга аралашпаган, өзүнүн кесибинде так, аз сүйлөп, көп иш кылган бала. Анын кандай иштээрин убакыт көрсөтөт. Акаевдин убагында Темирбек Акматалиев деген экономистти Ишки иштер министрлигинин башына алып келгенбиз да. Куудулдар “бут эле кирет, бут эле кирет, куттан кабар жок” дегендей, биздин келгенибизге бир жыл болду, өкмөт ушуну менен үчүнчү түзүмүн алып келип атат. “Түзүмү эле келет, түзүмү эле келет, түшүмүнөн кабар жок” дегендей бизге түзүмү эмес, түшүмү эле керек эле. Карапайым калк деле тажап бүттү. Буга парламенттин да күнөөсү бар. Бир пикирге келе албай, Баш мыйзамдын негизинде баш кошо албагандан улам коалиция ыдырады. Өкмөт жөн жерден эле ыдырап кетти.

    - Мээрбек Мискенбаевди, сизди жана башка бир катар КСДПнын депутаттарын “Булар Икрам Илмияновдун буюртмасы менен сүйлөп, оппоненттерин каралоо миссиясын аткарып атат” деп айтышат. Буга кандай жооп берет элеңиз?

    - Икрам мага кандайдыр бир тапшырма берет деген бул түркөйлүк. Икрам менен көп жылдан бери чогуу жүрөбүз, бирге саясат айдыңында саясий маселелерди талдаган учурларыбыз болгон жок. Ал менин ишиме киришпейт, мен анын ишине киришпейм. Ал өзүнүн жумушун, мен өзүмдүн жумушумду аткарам. Мээрбектин мандатын тапшырып кеткени мен үчүн да күтүлбөгөн окуя болду. Мен мародерлук боюнча парламенттик комиссиянын мүчөсү болуп, ошол жыйындан келип интернеттен окуп калдым. Анан эле телефон чалып, чакырып сүйлөшсөм, “Менин ант бергениме бир жыл болуптур. Бир жылдын аралыгында мен өзүмдү депутат катары сынап көрөйүн. Эгер өзүм бул ишке алымсынбасам кетем деп жеке өзүмө берген өзүмдүн убадам бар болчу. Мен үчүн саясат али эртелик кылат экен. Саясатта мен чайналып калдым. Өзүмдү да, партияны да уят кылбайын деп ушундай чечим кабыл алдым” деп айтты. Мен анын жеке чечимин кубаттайм да. Кандай гана адам болбосун, биз анын жеке чечимин кубатташыбыз керек.

    - Баш мыйзамга каршы чыккандар, Президенттин айрым иштерин сындаган депутаттар кандайдыр бир кысымга кабылганы жазылып атат. Мисалы, президенттин Жанар Акаевге берген жообу, Канат Исаев менен Каныбек Иманалиевдерге эски кылмыштардын ачылышы. Бул куугунтук дегенге кошулбайсызбы?

    - Муну ар кандай мааниде талдаса болот. Эмне үчүн дегенде Канат Исаевге, Каныбек Иманалиевге козголгон кылмыштын кайра жанданышына мен деле кызыкдар болуп турам. Эгер бул мурун козголуп, анан кандайдыр бир себептер менен токтотулуп кайра жанданып атса, анда куугунтук деп айтса болот. Буларга кандай айып тагылып жаткандыгы тууралуу толук маалыматым жок. Ал эми Жанар иниме карата эч кандай куугунтук жок. Жанар - мен сыяктуу эле эркин сүйлөп келген жаш муундун өкүлү, саясатта такшалып эле бараткан бала. Анын айткан сөзүнүн жарымына мен кошулам. Бүгүнкү күндө мамлекеттик маалымат каражаттары аркылуу Баш мыйзамга каршы чыгып аткандарга баш аягынан бери жугунду куюп, каралоо бул туура эмес. Мен аны ачык айткам, азыр да айтам. Карыпкуловдун убагында да мынчалык кара жашикке айланган эмес. Бул жакшылыкка алып келбейт. Элди экиге бөлүп аткан массалык маалымат каражаттары болуп атат. Мен саясатта кимдер менен байланышсам да, “токтоткула мындай оюндарыңарды” деп айтып атам. Жанар да ушуну айткысы келген. Ажобуз Алмазбек Шаршеновичтин сөзү боюнча айтсак, Жанарга ал жагдайлар белгисиз болсо керек. 2017-жылы бизде президенттик шайлоо болот. Баш мыйзам ошого себеп болуп берет деп мен башында эле айткан болчумун. Анткени кандай болгон күндө дагы элимден качып кеткен эки президент Кыргызстанга кайтып келгиси келет. 2017-жылда шайлануучу президент аркылуу алар Кыргызстанга келгенге жол издеп жатышкан болчу. Айрым талапкерлерге демөөрчүлүк кылып “Сени колдоп беребиз, сен бизге мунапыс бересиң” деген келишимдер болушу мүмкүн. Менин жеке маалыматтарым боюнча андай аракеттер көрүлүп жатат. Бакиевдин баласы Максим дагы, Акаев дагы Кыргызстандагы кийинки президенттик шайлоого кызыкдар. Муну Бакиев да “Мен Акаев менен жолукканга даярмын” деп айтты. Аларды бир максат бириктириши мүмкүн. Жанар бул жерде мастык, кастык, жаштык кылган жок, өзүндө болгон чындыкты айта алды. Жанар ошол сөздү экинчи маалыматтын жоктугунан айтып койсо керек. Бул чоң деле трагедияга айланбашы керек. Жанар өзүнүн мекенчилдиги, курчтугу менен көзгө көрүнүп калбадыбы. Жанарга кара ниеттик, кара санатайлыктар болбошу керек.

    - Президент Жанар Акаевдин парламенттик шайлоодогу чыгымдарын биз көтөрүп, биз депутат кылдык деген сөздү айтты. Бул биздин акча менен депутат болгонсуң, эми эмнеге башкача сүйлөп жатасың деген кеп эмеспи?

    - Алмазбек Шаршеновичтин эмоцияга алдырып ачуу чындыкты анда-мында айтып өтмөйүн баарыбыз эле жаттап бүтпөдүкпү. Чынын айтсам, каржылык тарабынан партиянын демөөрчүлөрүнүн аркасы менен келгенбиз да. Партиянын айрым депутаттары сыяктуу ар бирибиз 300-500 миң доллардан төлөп депутат болгон эмеспиз.

    Биз коалициялык көпчүлүктөн ыдыраганда, биздин кайрылууда Акаев менен Бакиевдин тапшырмасын аткарып жаткандар деп жазганбыз. Аларды мен башында келтирип өттүм. Алардын негизги максаты бүгүнкү бийликтин беделин, деңгээлин төмөндөтүп, өздөрүнүн талапкерлеринин деңгээлин көтөрүү да. Бул президенттик шайлоого даярдык. Ачык эле көрүнүп калган. Баш мыйзамга болгон карама-каршылыктын баардыгы президенттик шайлоого багыт алган нерсе. Алар өздөрүн көрсөтө турган учур азыр башталган. Сенин саясатыңа каршы болбойбуз деген антташуу болсо керек да. Баш мыйзам боюнча чү дегенде эле беш партия чогуу Жогорку Кеңештин кароосуна киргиздик. Кийин, эмнегедир эки фракция ыргып кетти. Эмне себептен? Алар айрым беренелерге макул эмеспиз деп жүйө коюшту. Бул жерде алардын максаты башка экени көрүнүп калбадыбы. Баш мыйзам ошого шылтоо болгону ачык эле көрүнүп калды. Биринчи окууда Канат Исаев Баш мыйзам боюнча баяндамачы болуп туруп, экинчи окууда каршы добушун берип койбодубу. Бул дагы жөн жерден болгон жок да. Кантип эле өзүң демилгелеп, кол койгон мыйзамга өзүң каршы добуш бересиң. Саясат сактыкты, тактыкты талап кылат да. Чынын айтканда, Баш мыйзамдын карапайым элге тактыгы керек да. Элге иштей турган мыйзам, аны иштете турган башчы керек. Күзгү саясатта бул күтүлгөн эле оюн болчу. Эгер Баш мыйзам болбосо, башка нерселерди деле таап чыгышмак.

Акылбек Чынтемиров

«ПолитКлиника» гезити