Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Альфия Самигуллина: Бир да бейтабы өлүмгө учурабаган дарыгер эч качан мыкты дарыгер боло албайт

    Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында СДПК фракциясынын депутаты Альфия Самигуллина дарыгерлерди жазалоо чараларын өзгөртүп, натыйжалуулукка жетишүү керектигин айтты. Бул тууралуу АКИ пресс маалымат агенттиги жазып чыкты.

    Маалымат булагында айтылгандай, эл өкүлү дарыгерлердин жоопкерчиликке тартуу чаралары боюнча өз сунушун айткан. «Бүгүн Бишкекте да, аймактарда да дарыгерлердин таңсыктыгы жогору. Маселе маяналардын аздыгында деле эмес. Кадрдык таңсыктыкты биз өзүбүз жаратып алдык. Ар бир жакшы дарыгер  көптөгөн жылдагы тажрыйба аркылуу мыкты деңгээлге жетишет. Кечириңиздер, бирок кол алдында бир да адам өлбөгөн дарыгер  мыкты дарыгер боло албайт. Муну ар бир мыкты дарыгерден сурагыла. Он жылдап  Саламаттыкты сактоо министрлигинин жыйындарында дарыгердин бейтаптын өлүмүнө күнөөлү, же күнөөлүү  эместиги боюнча маселелер  каралып келет. Андан кийин эмне болот? Кызматтарынан кетирилет. Алардын ордуларына жаш дарыгерлер келишет, алар деле бир топ убакыт өткөндөн кийин өзүнө чейинкилердей катачылыктарга жол беришет», - дейт эл өкүлү.

    А. Самигуллинанын айтымында, дарыгерлерге карата көрүлгөн бүгүнкү чаралар натыйжасыз болууда.

    «Кызматтарынан кетирилген дарыгерлер Европа, Россия, Казакстанда ийгиликтүү иштеп жатышат. А бизде тажрыйбасы жок дарыгерлер калышууда. Жазалоо чаралары менен биз энелердин өлүмүн азайта алдыкпы? Жок. Мындай жазалоо чаралары буга окшогон көрсөткүчтөрдү азайтпайт, анткени, дарыгерлерде коркуу сезимдери болуп, алар катачылыктарын жашырганганга аракет кылышат. Администрациялык чаралар дарыгерге катуу зыян келтирбейт. Анын үстүнө ар бирибизде абийир соту деген бар. Расмий текшерүүлөр жазалоо мүнөзүнө гана ээ, ал эми дарыгерлер дайыма материалдык талаптарын айтып келишет. Менимче, өкмөт жазалоо чараларын өзгөртүү үстүндө ойлонуусу кажет», - дейт депутат.

АКИпресс