Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Кол тийбестик жана кызматтык унаадан баш тартуу боюнча биринчилерден болуп КСДП чечим кабыл алды

       Кол тийбестик жана кызматтык унаадан баш тартуу боюнча биринчилерден болуп КСДП чечим кабыл алды. Бул тууралуу КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова билдирди, деп “Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы маалымдады. 

       Анын айтымында, аталган фракциянын депутаттары ант берүү аземи аяктаган соң тез эле бул чечимди кабыл алышып, коомчулукка жарыялаган.

       “Буга чейин үгүт иштери учурунда көп талапкерлер артыкчылыктардан баш тартуу боюнча калкка жарыялаган. Анын арасында мен дагы бар элем. Айрым партиялар бул демилгени эң биринчи эле өздөрү көтөрүп чыгышкан, бирок азыр жоопторун бере элек”,-дейт депутат айым.

       Ошондой эле, ал белгилегендей, бул артыкчылыктардан КСДП фракциясынын депутаттары толугу менен баш тартканы менен, кээ бир жагдайларда парламент депутаттарга жеңилдиктерди берүү шарттарын карап чыгат.

        “Айрым депутаттардын жеке автоунаасы жок экен. Ошондуктан иш учурунда унаага муктаж болгондор кызматтык унааны пайдаланууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү боюнча жагдайларды эске алып жатабыз. Ал эми,башка учурда жөө деле жүрсөк болот. Мисалга, мен буга чейин парламенттик кабарчы катары 18 жыл иштегем. Ак үйгө жөө келип-кетип эле жүргөм. Депутат болсом деле эч кандай өзгөрүү болбойт, мурда кандай эркин басып жүрсөм ошондой эле эч кимден коркпой жүрө алам. Себеби, менин коомчулуктан жашыра турган жаман иштерим жок. Эч кимге жаман иш кылбасам мен эмнеден жашынмак элем”,-дейт Ж.Мусабекова.