Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Кандидаты ЖК

КУТУШЕВ
АБДЫМАНАП
ОРОЗБАЕВИЧ

Жогорку Кеӊештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча Комитетинин төрагасынын орун басары

1966-жылдын 14-сентябрында Ош облусунун Алай районуна караштуу Сопу-Коргон айылында туулган.

Билими – жогорку. 1988-жылы «инженер-механик» кесиби боюнча К.И. Скрябин атындагы айыл чарба институтунун механизация фактультетин артыкчылык менен бүтүргөн.

Эмгек жолун 1983-жылы «Сары-Могол» совхозунда жумушчу болуп иштөөдөн баштаган.

1988-жылдан тартып 1990-жылга чейин – Кыргыз айыл чарба институтунун айыл чарба техникасын пайдалануу жана оӊдоо кафедрасынын ассистенти, Электрондук-эсептөө машиналары лабораториясынын ага инженери.

1990-жылдан 1991-жылга чейин – Фрунзе шаардык «Кыргызайылчарбахимия» өндүрүш  бирикмесинин инженери.

1991-жылдан тартып 1992-жылга чейин – К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун БЖД кафедрасынынын окутуучусу. 1992-жылдан тартып 1994-жылга чейин «Резон» кичи ишканасынын директору.

1994-жылдан тартып 1998-жылга чейин – «Аскар» кичи ишканасынын директору.

1998-жылдан тартып 2005-жылга чейин – «Нектар-Трейд» ЖЧКсынын директору.

2005-жылдан тартып 2010-жылга чейин – жекече ишкер, Эгемендүү Кыргызстандагы биринчи форель чарбачылыгынын түзүүчүсү (2002-ж.).

2012-жылдын февраль айында Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин V чакырылышына депутат болуп шайланган. Жогорку Кеӊештин Адам укугу, конституциялык мыйзам жана мамлекеттик түзүлүш боюнча Комитетинин төрагасынын орун басары.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргызстандын агрардык элитасы» улуттук сыйлыгы (2007-ж.), Жогорку Кеӊештин Ардак грамотасы (2012-ж.) менен сыйланган.

Үй-бүлөлү, беш баланын атасы.