Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Кандидаты ЖК

Баяхунов
Нурмахаммат
Баяхунович

ЖК депутаты

 Баяхунов Нурмахаммат Баяхунович

1964-жылдын 20-майында Казакстандын Чимкент облусуна караштуу Бугуй районунун Темирлановка айылында туулган.

    1982-84-жылдары  Советтик армиянын катарында  аскердик  кызмат өтөгөн. 1986-жылы Жамбулдагы айыл-чарба техникумун инженер-механик адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун 1986-жылы Кант шаарындагы техникалык тейлөө пунктунда мастер болуу менен баштаган. 1987-1988-жылдары «Кыргызсельхозхимия» ишканасынын механикалык паркынын башчысы болуп иштеген.

    1992-жылы Алтай мамлекеттик университетине тапшырып, юриспруденция адистиги боюнча билим алган. 1992-1998-жылдары «Азамат» кооперативинин экспедитору, 1998-2005-жылдары «Тегирмен» туристтик фирмасынын топтук жетекчиси кызматтарын аркалаган. 2005-жылы Аламүдүн районунун Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланып, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келген.

    2006-жылы Президенттин алдындагы Башкаруу Академиясында  «социалдык коргоо боюнча жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатуу»,  2007-жылы «Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарындагы укуктук, социалдык-экономикалык маселелер»  темасында атайын курстук окуулардан өткөн.

    Кыргыз, орус, уйгур, өзбек, түрк тилдерин билет.

 Сыйлыктары жана наамдары:

2007-ж. -  КРнын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу боюнча Улуттук агенттиктин Ардак грамотасы;

2007-ж. -  «КРнын муниципиалдык кызматынын 2-класстагы кеңешчиси» класстык чини;

2007-ж. – Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы;

2008-ж. – Чүй облустук администрациясынын «Мыкты айыл өкмөтү» наамы боюнча Ардак грамотасы;

2009-ж. – «Мыкты айыл өкмөт башчысы» республикалык сынагынын жеңүүчүсү;

2009-ж. – «КРнын муниципиалдык кызматынын отличниги» төш белгиси менен сыйланган;

2010-ж. - «Сары-Өзөн күжүрмөнү» медалы менен сыйланган;

2010-ж. – «Сары-Өзөн» телеканалынын «Мыкты айыл өкмөтү» тандоосунун жеңүүчүсү;

2011-ж. – «Эркин Тоо» гезитинин тандоосу менен «Мыкты айыл өкмөт башчысы» наамынын жеңүүчүсү;

2012-жылы «Кыргыз Туусу» гезитинин «Мыкты айыл өкмөтү» тандоосунун жеңүүчүсү;

2013-жылы КРдагы өзүн өзү башкаруу органдарынын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн «Кто есть кто в Кыргызстане» сайтына киргизилген;

2013-жылы КР өкмөтүнүн алдындагы өзүн өзү башкаруу боюнча Улутук агенттиктин коомдук эксперти;

2014-жылы «Эркин Тоо» гезитинин тандоосу менен «Мыкты айыл өкмөт башчысы» наамына татыган;

«Кыргызстандын жүздөрү», «Мекен милдети» китептерине киргизилген.

 Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.