Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Бишкектеги «Ынтымак Бакчасы» майрамына 3 миӊ ден ашык бала катышты

22-июлда Бишкек шаарынын Курманжан датка атындагы гүлбакта Бишкек шаардык кеӊешинин КСДП фракциясынын депутаттарынын демилгеси боюнча уюштурулган «Ынтымак бакчасы» долбоорунун финалдык салтанаттуу иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшү ири флешмоб менен ачылып, ага  Бишкек шаарынын жүздөгөн жаштары катышты. Өз кезегинде, алар «Ынтымак бакчасы» деген бир нече метрлик жазууну орнотушуп,  долбоордун  шаар тарыхынын беттеринен орун алуусуна  өбөлгө болушту.

Мындан сырткары, балдар үчүн чыгармачыл мастер-класстар, оюн-зоок жана көӊүлдүү конкурстар уюштурулду. «Ынтымактуу бакчанын» соӊунда акциянын жаш катышуучуларынын элеси чагылдырылган балдар сүрөттөрү менен фотосүрөттөрдүн көргөзмөсү болуп өттү.

Бул майрамдык иш-чарага үч миӊден ашык бала, ошондой эле бүтүндөй шаар боюнча алардын ата-энелери катышты.

Шаардын ар бир районундагы эӊ шаттуу, не бир чыгармачыл жана эӊ эле ышкыбоз спорттук бакчалар акциянын уюштуруучулары, Бишкек шаардык кеӊешинин КСДП фракциясынын депутаттары тарабынан ар кандай сыйлыктар менен сыйланышты.

Ошентип, «Спортко ышкыбоз ыктымактуу бакча» номинациясы боюнча жеӊүүчү болуп төмөнкүлөр аныкталышты: 

  • Ленин району боюнча – «Арча-Бешик» жаӊы конушунун бакчасы
  • Октябрь району боюнча – «Туӊгуч» кичи районунун бакчасы
  • Биринчи май району боюнча – «Ак-Босого» жаӊы конушунун бакчасы
  • Свердлов району боюнча – «Энесай» жаӊы конушунун бакчасы.

Ал эми «Эӊ эле чыгармачыл жана ынтымактуу бакча» номинациясы болуп төмөнкүлөр мыкты деп табылды:

        Ленин району боюнча - №128,122,124,126-үйлөрдүн бакчалары

  • Октябрь району боюнча - №8 кичи районундагы бакча
  • Биринчи май району боюнча - «Түштүк-2» кичи районундагы бакча
  • Свердлов  району боюнча - «Учкун» жаӊы конушунун бакчасы

«Эӊ кунак ынтымактуу бакча» номинациясы боюнча төмөнкүлөр жеӊүүчү деп табылды:

  • Ленин  району боюнча - №54, 56, 58-үйлөрүнүн бакчасы
  • Октябрь  району боюнча  - №4 кичи районунун бакчасы
  • Биринчи май району боюнча - №462а үйүнүн бакчасы
  • Свердлов району боюнча - №423 жана 425-үйлөрүнүн бакчасы

Белгилей кетчү нерсе, ден-соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелгендигине карабастан (авариянын натыйжасында ал бир бутунан ажырап калган) «Ынтымактуу бакча» спорттук иш-чарага катышкан Азиз Добрамовго депутаттар ыраазычылык билдирүү менен сыйлык катары «айпад» планшетин тапшырышты.

Иш-чарада чыгып  сүйлөгөн  Бишкек шаардык кеӊешинин спикери Марат Аманкулов чогулган бишкектиктерге: «Биз бүгүн сиздер менен коштошпойбуз, биз сиздерге эмки жайга чейин!-деп айткыбыз келет. Биз «Ынтымактуу бакчаны» пилоттук долбоор катары баштаганбыз, мына минтип ал ишенимди толук актап отурат. Башкача айтканда, мындай иш-чаралар элибиздеги атам замандардан бери келе жаткан ыктымакты, меймандостукту дагы да арттырууга өбөлгө болору ырас. Ошондуктан биз: «Ынтымактуу бакча – бул ынтымактуу шаар. Ынтымактуу шаар – бул ынтымактуу өлкө» -деп айткыбыз келет. Ал эми ынтымактуу жана бирдиктүү өлкө биз үчүн бардыгынан жогору. Мен мындагы волонтёрлорго, акциянын уюштуруучулары менен бардык катышуучуларына чоӊ рахмат айткым келет. Биз барыбыз бүгүн өлкөнүн келечеги үчүн иштедик деп ойлойм. Көрүшкөнчө сак саламатта болуӊуздар!» - деп айтты.

«Ынтымактуу бакча» долбоору өз ишин  2015-жылдын 19-июнунда баштагандыгын жана анын максаты болуп – жайкы каникул айларында шаарда калууга муктаж болгон  балдар үчүн мазмундуу, билим берүүчүлүк жана коопсуз эс алууну уюштуруу саналарын, ошондой эле  ар бир бакчадан тартып кварталдарга чейинки шаардыктардын  ынтымагын биримдигин жогорулатууга өбөлгө болорун белгилей кетмекчибиз.

Төрт жума боюу аниматорлор жана волонтёрлор балдар аянтчаларына жакынкы үйлөрдүн балдарын чогултушту жана ага 85 үйдөн 17 миӊ бала катышты.

«Ынтымактуу бакча» өӊдүү акция социал-демократтардын демилгеси боюнча Ош шаарында да болуп өткөн жана 23-июлда түштүк борборубуздагы «Алымбек Датка» эс алуу борборунда анын салтанаттуу  жабылышы болду.

 

Фотогалерея