Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

“Ынтымактуу бакча” долбоорунун алкагында Бишкек жана Ош шаарларында балдар ойночу 20 аянтча ачылат

Бүгүн, 24-июлда, Бишкек шаарынын Ленин районундагы “Киргизия” кичи районунун Самойленко көчөсүндө балдар ойночу аянтчанын ачылышы болуп өттү.

Балдар аянтчасы Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин  колдоосу жана Бишкек шаардык кеңешинин СДПК фракциясынын, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын демилгеси менен “Ынтымактуу бакча” долбоорунун алкагында ачылды. Аталган долбоорго ылайык жакынкы аралыкта Бишкек шаарында 12 жана Ош шаарында 8 балдар аянтчасы ачылат.

Бул иш-чарада “Ынтымак бакчасынын” шайыр тобу жеткинчектерге майрамдык маанай тартуулашты.

Балдар аянтчаларын ачууга каражаттар Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан бөлүнгөн.

Фотогалерея