Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

“Ынтымак бакчасы” Бишкек шаарынын тургундарын майрамга чакырат

Бишкек шаардык кеңешиндеги СДПК фракциясынын демилгеси менен уюшулган  “Ынтымак бакчасы” шаардын чок ортосундагы Курманжан Датка скверинде 2015-жылдын 22-июлунда саат 17.00 ден 21.00 чейин өтүүчү финалдык майрамга өспүрүмдөр менен ата-энелерди чакырат. 

 Майрамдык бул оюн-зоок 500 бала катышкан флешмоб менен ачылары күтүлүүдө. Албетте, уюштуруучулар муну  жашыруун сыр катары сакташууда, бирок аны видеого тартуу ар тараптан, анын ичинде көктөн да жүргүзүлөрү азыр айкын болуп калды.

Бул ирет оюн-зоокко кирүүнүн “билети” болуп мурда шаардын ар кайсы короосунда өткөн акцияда таратылган кепка, же “Ынтымак бакчасы – ынтымактуу шаар – ынтымактуу өлкө!” темасында тартылган сүрөттөр кызмат кылмакчы.

“Ынтымак бакчасы” оюн-зоогунун аягында балдардын кол менен тарткан сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, акция убагында фотоаппарат менен тартылган жаш өспүрүмдөрдүн түрдүү сүрөттөрү да жайгаштырылат. Андан сырткары балдардын катышуусунда кызыктуу оюндар, уз-чеберлерден мастер-класс уюштурулуп, спорттук конкурстар өтөт.

Кечки саат 19да өзгөчө өнөрлүү, абдан шайыр жана шамдагай деп саналган Бишкектин ынтымактуу бакчаларын сыйлоо аземи өтүп, андан кийин майрамдык иш-чара ачык асман алдындагы дискотека менен аяктайт.