Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Бишкекте “Ынтымак бакчасы – балдарга кутбелек” кайрымдуулук акциясы өтөт

Акция Бишкек шаардык кеңешинин СДПК фракциясынын демилгеси боюнча уюштурулган “Ынтымак бакчасы” акциясынын бир бөлүгү болуп эсептелет жана  №№48, 164-атайын бала бакчаларга жардам көрсөтүү максатын көздөйт.

10-июлда СДПКнын депутаттары жанаактивисттери, коомчулуктун өкүлдөрү аталган бала бакчалардын аймагындагы ишембиликке катышат. Андан кийин акциянын негизги бөлүгү башталат, “Ынтымак бакчасынын” тажрыйбалуу аниматорлору балдар менен иш алпарып, бул учурда бала бакчаларда кайрымдуулук мини-марафону өтөт. Чогултулган каражат бала бакчалардын имараттарын оңдоо иштерине, бакчанын тосмосун жаңыртууга, ошондой эле балдар менен иштөө үчүн компьютерлерди сатып алууга жумшалат.

Акциянын меймандарына Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын артисттери, “Кара жорго” тобунун катышуучулары жана башка музыканттар жана бийчилер өз өнөрлөрүн тартуулашат.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов, КР Билим жана илим министри Э.Сариева, Бишкек шаардык кеңешинин СДПК фракциясынын депутаттары, жарандык активисттер жана бизнестин өкүлдөрү катышат. Чиновниктер бала бакчаларга өз каражаттарына бөлүп беришип, акцияга катышууга даяр экенин билдиришти.

“Кайрымдуулук иш-чарасы ыйык Орозо айында болуп жатат, айланасындагыларга чын көңүлдөн жардам кылуу ар бир мусулмандын милдети. Бул кайрымдуулук акциясын колдоого Бишкектин жашоочуларын чакырдык. Борбордо ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан биздин “Ынтымак бакчасы” долбоору бардык балдарга багытталган. Андыктан, ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери кайрылганда, биз четте карап тура алган жокпуз. СДПК – социалдык мамлекетти курууга багытталган партия. Биз жардамга муктаж кыргызстандыктарга конкреттүү иштер менен колдоо көрсөтүп келатабыз. Бүгүн мындай жардамга муктаж  дарек ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн бала бакчалар болду” - деди акциянын уюштуруучусу, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов.