Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Ошто “Ынтымак бакчасы – ынтымактуу шаар” долбоору уланууда

Ошто СДПК партиясы тарабынан уюштурулган “Ынтымак бакчасы” долбоорун ишке ашыруу уланууда. Күн сайын аниматорлор жана волонтерлор балдар аянтчаларына жакын үйлөрдө жашаган балдарды чогултушат. Программага кыймылдуу оюндар,  мелдештер, табышмактар жана чыгармачылык конкурстар киргизилген. Уюштуруучулардын планында төрт жумада 45 короону кыдырып чыгуу каралган.

1-июлда старт алган акция учурда үч миң баланы өз кучагына алды. Кечээ, 8-июлда “Ынтымак бакчасы” “Черемушки” кичирайонунда болду.

Ош шаардык кеңешинин депутаты Абдывахап Нурбаевдин айтымында, долбоор көчөлөрдүн, кварталдардын, короолордун деңгээлинде шаардыктардын ынтымагы чыңдалышына мүмкүндүк берет. “Биз балдарда көп достор жана майрамдар каалайбыз. Мындай долбоор Бишкекте башталып, бизге аябай жаккан. Ошондуктан аны биз Ошто да ишке ашырууну чечкенбиз. “Ынтымак бакчасы” ийгиликтер менен өтүп жатат, балдарга аябай жагып, күлүп-жыргап жатышат, алар конкурстарга, мелдештерге активдүү катышууда, биз максатыбызга жеттик десек болот” – деди ал.

 

Фотогалерея