Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

2015-жылдын 15-июлунда «Ден соолук кербени» Ысык-Көл областынын Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунун жашоочуларын медициналык текшерүүнү баштайт

Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталь жана Ысык-Көл областтык үй-бүлөлүк медицина борборунун медициналык кызматкерлеринен турган эки бригада 12 күн аралыгында Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорунун 24 айыл өкмөтүнүн жашоочуларын акысыз медициналык текшерүүдөн өткөрөт.

СДПКнын активисттери уюштурган жана каржылаган “Ден соолук кербени” өз ишин апрель айында Ысык-Көл областынын Тоң районунда баштаган. Бүгүн долбоор республиканын жети областын кучагына камтып, 60 миң киши текшерүүдөн өттү.

«СДПКнын милдети – республиканын алыскы жана четки айылдарды камтуу менен бардык аймактарынын жашоочуларын акысыз медициналык текшерүүдөн өткөрүүнү камсыз кылуу болуп саналат. Бул иш ийгиликтүү ишке ашууда”– дейт СДПКнын республикалык штабынын жетекчиси Данияр Аттокуров.