Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

“Ден соолук кербенинин” дарыгерлери Талас областынын Бакай-Ата районунун жашоочуларын текшерүүнү баштады

Бүгүн, 13-июлда, “Ден соолук кербенинин” дарыгерлери Талас областынын Бакай-Ата районунун жашоочуларын медициналык текшерүүдөн өткөрүүнү баштады. Айылдыктар акушер-гинеколог, невропатолог, кардиолог, педиатр, терапевт, хирург, офтальмолог, стоматолог, ЛОР врач жана УЗИ адисинен медициналык кароодон өтүү мүмкүнчүлүгүн алышты. Ошондой эле, врачтар зарыл учурда электрокардиограммага да тартышат.

СДПК партиясынын саясый кеңешинин мүчөсү Гүлкан Молдобекова “Ден соолук кербенинин” ишин ачып жатып, бул керектүү жана маанилүү долбоор экендигин белгиледи. “Адам үчүн эң башкы нерсе – бул өзүнүн, жакындарынын жана туугандарынын ден соолугу. Аймактарда, айрыкча алыскы айылдарда врачтардын жетишпегендигинен улам, жарандар өз убагында медициналык текшерүүдөн өтпөй калып жатышат. Ал эми “Ден соолук кербени” долбоорунун башталышы менен, айылдыктар мындай мүмкүнчүлүк алышты”, - деди ал.

Г.Молдобекова ошондой эле “Ден соолук кербенинин”ишинин жүрүшүндө 60 миң кыргызстандык текшерүүдөн өткөнүн билдирди.

Талас областынын Бакай-Ата районундагы “Ден соолук кербенинин” ишинин мөөнөтү:

13.07.2015. – Бакай-Ата айыл өкмөтү

14.07.2015. – К.Акназаров айыл өкмөтү

15.07.2015. – Шадыкан айыл өкмөтү

16.07.2015. – Кең-Арал айыл өкмөтү

18.07.2015. – Өзгөрүш айыл өкмөтү

20.07.2015. – Ак-Дөбө айыл өкмөтү

21.07.2015. – Миң-Булак айыл өкмөтү

22.07.2015. – Боо-Терек айыл өкмөтү

23.07.2015. – Оро айыл өкмөтү