Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

“Ден соолук кербени” Жалал-Абад областынын Чаткал районунун жашоочуларын текшерүүнү баштады

Бүгүн, 9-июлда,СДПК менен КР Саламаттык сактоо министрлиги биргелешип уюштурган «Ден соолук кербени» Жалал-Абад областынын Чаткал районунун 10 миң киши жашаган Каныш-Кыяайыл өкмөтүнө келди.

Медициналык кызматкерлердин бригадасынын курамына Жалал-Абадобласттык бириккен ооруканасынын, Сузак аймактык ооруканасынын жана Базар-Коргон үй-бүлөлүк медицина борборунун адистери киришкен. “Кербен” 12 күндүн аралыгында Чаткал жана Ала-Бука райондорунун он эки айыл өкмөтүнүн жашоочуларын акысыз алдын алуучу медициналык текшерүүдөн өткөрүшөт.

Чаткал районунда “Ден соолук кербени” акциясын уюштуруучулардын бири Азизбек Турсунбаевакциянын ачылыш аземинде аймакта докторлордун жетишпегендигинен улам, алыскы айылда жашагандар өз убагында текшерүүдөн өтпөй калганын белгиледи. «Врачтар жыл сайын калк арасында оору көбөйүп жатканын айтып жатышат. “Ден соолук кербени” өлкөдө саламаттыгы бекем адамдардын көбөйүшүнө кызмат кылат деген ишенич бар», - деди А.Турсунбаев.