Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Тоолуу шарттарда айкалыштырып иштеген адамдарга төлөмдөрдү киргизүү колдоого алынды

    ЖКнын социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин 21-ноябрдагы жыйынында «КР Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбоордун авторлору -  СДПК фракциясынын депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Жанар Акаев, Абтандил Кулбараков жана кыргыз өкмөтү.

    Социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова белгилегендей,  мыйзам долбооруна түзөтүү киргизүү  аркылуу маянасына кошумча төлөө коэффициенти каралган тоолуу, катаал шарттарда жашагандардын айкалыштырып иштегендери үчүн эмгек стажына, маянасына жараша  кошумча төлөө киргизүү каралууда. Мыйзам долбоорун талкуунун соңунда комитеттин мүчөлөрү мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоого алышты.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы