Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

СДПК партиясынын XIV-съездинде Чүй облусунан 120 делегат катышат

Бүгүн, 6-августта СДПК  партиясынын Чүй облустук коференциясы болуп өттү

Конференциянын жүрүшүндө СДПК фракциясынын Жогорку Кеңешиндеги лидери Чыныбай Турсунбеков партиянын жасаган иштери боюнча беш жылдык отчетун, ошондой эле бул мөөнөттө СДПК фракциясынын депутаттары иштетип чыккан өлкөгө керектүү мыйзам долбоорлорун жарыялады.

Ошондой эле бул иш-чарада делегаттар Чүй облусунун жашоочуларын кызыктыруучу суроолор айтылды. Чыныбай Турсунбековдун айтуусу боюнча башкы темалардын бири болуп коррупция менен күрөшүү маселеси болду. Мындан тышкары КСДПнын 14-жалпы партиялык съездине катыша турган делегаттардын тизмеси добуш берүү жолу менен бекитилди. Съездге Чүй облусунан 120 делегат катышат.

Фотогалерея