Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

«Кербен» элетти кыдырууда

20-июлда «Ден соолук кербени» өнөктүгү Талас областындагы Манас району жана Баткен областындагы Кадамжай району болгон дагы эки аймакка жетип барды.

- Ушул учурга чейин Талас областында, - деп баяндайт СДПК активисти Дамирбек Курманалиев, - «Ден соолук кербени» жетип бара элек бир гана Манас району калган эле. Мына, дарыгерлер эми бул жерге да келип, элеттеги жергиликтүү калктын дени сактыгына байкоо жүргүзүп, алдын ала иликтөө өткөрө баштады. Эки күн ичинде 700гө жакын тургундардын ал-абалы иликтенди. Жалпы-жонунан бул жерде беш айыл аймактын калкынын ден соолугу байкоого алынат...

Баткен областынын Кадамжай районунда дагы «Ден соолук кербени» абдан ийгиликтүү иш жүргүзүүдө. Ушул аймакта 20-июлда 1300дөн ашуун тургундар иликтөөдөн өтүштү.

«Ден соолук кербени» өнөктүгү Кадамжай районунда башталып жатканда, Жогорку Кеңештеги СДПК фракциясынын депутаты Мурадыл Мадеминов бул долбоор Саламаттык сактоо министрлиги менен биргелешип өткөрүлүп жаткандыгын белгиледи. Ушул сыяктуу демилгелерди КСДП 2012-жылдан бери эле ишке ашырып келүүдө. «Ден соолук кербени» долбоорунун негизги максаттарынын бири, бул – Кыргызстандын эң алыскы аймактарына да жетип барып, элет калкынын дени сактыгын алдын ала иликтөө.