Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

ЖК V-чакырылыштын депутаттары

КАДЫРАЛИЕВА
ЫРГАЛ
КАРМЫШАКОВНА

Жогорку Кеӊештин Социалдык саясат боюнча Комитетинин мүчөсү

1981-жылдын 2-августунда Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында туулган.

1998-жылы Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 1999-2000-жылдары универститеттин коомдук турмушун активүү катышу менен Вице-президент катары Студенттик сенатка шайланган.

Ошол эле учурда 2000-2002-жылдары «Болочок элита мектеби» долбоорунда окуудан өткөн.

2003-жылы А.Тангатаров атындагы интернет-гимназияда кыргыз тили мугалими болуп эмгектенген.

2003-2006-жылдары Ош мамлекеттик университетинде аспирантурадан окуган.

2004-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ош облустук бөлүмүндө жетектөөчү адис болуп эмгектенген. 

2009-жылдары жаштар уюмдарын бириктирүү максатында «Биз бирбиз» Коомдук бирикмесин негиздеп, бир катар жаштар демилгелерин жүзөгө ашырган.

2010-жылы Жаштар демократиялык саясий партиясын негиздеп, жетекчиси катары шайланып, Кыргызстандын саясий, экономикалык, социалдык, ошондой эле маданий мүнөздөгү иштерине жигердүү катышкан.

2010-жылдын октябрь айында Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин V чакырылышына депутат болуп шайланган. Жогорку Кеӊештин социалдык саясат боюнча Комитетинин мүчөсү.

Үй-бүлөлү, үч баланын энеси.