Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

ЖК V-чакырылыштын депутаттары

ИЗМАЛКОВА
АЛЛА
НИКОЛАЕВНА

Жогорку Кеӊештин Экономика жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин мүчөсү

1961-жылдын 30-мартында Чүй облусунун Ново-Покровка айылында туулаган.

Билими – жогорку. 1984-жылы «Башкаруунун автоматташтырылган системасы, инженер-системотехник» кесиби боюнча Томск башкаруу жана радиоэлектроника автоматташтырылган институтун (ТБРАИ) аяктаган.

Эмгек жолун 1984-жылы Кыргыз тоо-кен комбинатынын Чыгыш кен башкармалыгында иштөөдөн баштап, 1994-жылга чейин ушул эле ишканада инженер-экономист, нормалоочу, бухгалтер кызматтарын аркалаган.

1994-жылдан тартып Кара-Балта тоо-кен комбинатынын автооӊдоочу заводунда бухгалтер, башкы бухгалтер, экономист, финансы боюнча директор болуп иштеген. 

2002-жылы акционерлердин чогулушунун чечими боюнча «Автооӊдоо заводу» ААКсынын жетектеген.

2010-жылдын октябрь айында Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин V чакырылышына депутат болуп шайланган. Жогорку Кеӊештин экономика жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин мүчөсү.

Калкты социалдык жактан коргоо тармагындагы жигердүү жана үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган (2007-ж.).

Үй-бүлөлү, эки баланын энеси.